Тесттик статья
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын алдындагы «Илим» басма борборунун жаңы логотиби иштелип чыгып, расмий түрдө кабыл алынды.
КР Президентине караштуу КР УИАнын “Илим” басма борборунун Өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Кабилов өзү даярдап жасаган Басма борбордун логотибин борбордун кезектеги жыйынында эмгек коллективинин кароосуна койуп, ал жактырылып сыноодон өттү.
Жаңы логотип басма борборунун илимий басылмаларды даярдоодогу жана жайылтуудагы ордун, илим менен билимди өнүктүрүүгө кошкон салымын чагылдырган заманбап визуалдык символ катары иштелип чыкты.
Логотип мындан ары басма борборунун расмий веб-сайтында, документтеринде, басма продукцияларында, маалыматтык жана жарнамалык материалдарында бирдиктүү визуалдык идентификация катары колдонулат.
«Илим» басма борбору заманбап талаптарга ылайык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, илимий басылмалардын сапатын жогорулатуу жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытындагы иштерин улантат.
Жаңы логотип — «Илим» басма борборунун жаңыланган жүзүн жана өнүгүүгө багытталган жаңы этабын чагылдырган Энтамга катары колдонулат