«МАНАС» ЭПОСУ ӨЛБӨС АҢ-СЕЗИМДИН АРХЕТИБИ ЖАНА НОЭТИКАЛЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮН ФОРМАСЫ КАТАРЫ
Ключевые слова:
Манастуулук, Нооэтика, постмифологиялык аң-сезим, Манастык Этика, Кайып дүйнөсү, жалпы кайыптык Көтөрүлүү, Трансгуманитардык этикалык Ойлом, Нomo Noosphericus.Аннотация
Философиялык көз караштан алганда, «Манас» эпосун өзгөчө метафизикалык «код» катары кароого болот. Ал түбөлүктүктүн, руханий бийиктикке көтөрүлүүнүн жана адамдын космостук ритмдер менен шайкештешүүсүнүн идеясын чагылдырат. Манас-Айкөл ички гармониянын абалын символдоштурат, анда баатырдык жөн гана дене күчү менен чектелбестен, руханий кызмат кылуунун, космостук тартипке ылайык аракеттенүүгө даярдыктын көрүнүшү катары ачылат. Айкөл Манас түбөлүктүү космостук рухтун символу болуп, адамзатты өткөөл кумарлар менен жердеги түйшүктөрдөн бийик көтөргөн күчтүн чагылышы катары кабылданат. Анын маңызы хронологияда же материалдык иштерде эмес, адам дүйнөсүн асман тартиби менен бириктирген ыйык энергияда жатат. Дал ушунда «Манас» эпосунун чыныгы улуулугу камтылган: бул жөн гана баатыр тууралуу баяндоо эмес, материалдык дүйнөнүн чектөөлөрүнөн руханий көтөрүлүүнү жана чексиздикти философиялык моделдөө болуп саналат. Мындан тышкары, эпосту «коллективдик нооэтикалык ой жүгүртүүнүн» формасы катары чечмелөөгө болот. Бул формада баатырдын образы улуттук өзүн-өзү аңдоонун гана эмес,жогорку баалуулуктарга жана руханий синтезге умтулган жалпы адамзаттык идеалдын да символу болуп чыгат. Манас — бул жердеги эле «Титан» эмес, «Асмандын жана Жердин ортосундагы Тирөөч», хаос менен гармониянын, тарых менен түбөлүктүүлүктүн ортосундагы тең салмакты кармаган фигура.
Библиографические ссылки
Aristotle. Nicomachean Ethics; Buber, M. I and Thou; Jaspers, K. The Perennial Scope of Philosophy.
Cheng, Chung-Ying. On Daoist “De” and Moral Self-Cultivation. Radhakrishnan, S. The Philosophy of the Upanishads.
Eliade, M. Myth and Reality. New York: Harper & Row, 1963. (Элиаде М. Миф и реальность. — М.: Академический проект, 1998.)
Eliade M. Shamanism: Archaic Techniques of Ecstasy. — Princeton University Press, 2004.
Plato, The Republic, trans. and commentary by C. D. C. Reeve (Indianapolis: Hackett, 2004).
Plotinus, The Enneads, trans. Stephen MacKenna (London: Faber & Faber, 1956).
Байбосунов К.С. Трансгуманитарная философия как иное видение реальности (к постановке вопроса). -Известия Национальной Академии наук Кыргызской Республики. (Baibosunov K.S. Transhumanitarian philosophy alien outbook to the reality : to the formulation of the problem. - Izvestia NAN KR). №3, 2023. Р. 215-227.
Бакасов Ж. Манас как философия. — Бишкек: Билим, 2006. [Bakasov J. “Manas” as the philosophy. 2006].
Бакиров А.Б. Истоки и перспективы ноосферы // Вестник Ива новского государственного университета. Серия: Гуманитарные науки. 2024. Вып. 2. С. 134—141. [Apas B. Bakirov. Origins and prospects of the Noosphere. Ivanovo State University Bulletin. Series: Humanities. 2024. Iss. 2. P. 134—141].
Вернадский В.И. Научная мысль как планетное явление. — М.: Наука, 1991. (Vernadsky, V.I. Scientific Thought as a Planetary Phenomenon. Moscow: Nauka, 1991).
Кулматов, Т. Эпос «Манас» и философские основы киргизской культуры. — Бишкек: Илим, 2010. — С. 35–41.
Kulmatov T. The Epic Manas and the Philosophical Foundations of Kyrgyz Culture -Bishkek: Ilim, 2010.
Мамытов Т. Кайып жана рухий маданият. — Бишкек: КР Илимдер академиясы, 2018. (Mamytov T. Kayyp and spiritual culture. 2018)
Орозобекова Ж.К.. «Семетей»/ тезис жорго сөз форматында-Б:Принт экспресс. 2018-жыл, 233-бет. [Jyldyz Orozobekova. Prosaic reprint of the epic “Semetey”. -Bishkek, 2018]. 233 p.
Орозобекова Ж.K. “Манас” эпосундагы тулпардын көркөм образдары жана сыпаттоо ыкмалары. -Бишкек, “Шам” басмасы, 1996. -67-68 беттер. -Бишкек, «Шам», 1996. С. 67-68 [J. Orozobekova. The artistic imagery of steeds in the epic Manas. -Bishkek, 1996].