ХIХ КЫЛЫМДЫН АЯГЫ — ХХ КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА КЫРГЫЗСТАНДА МЕДИЦИНА ТАРМАГЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК МААНИСИ

Авторы

  • Байбулатов Эльдар Муратбекович

Ключевые слова:

Российская империя, медицина, инфекционные заболевания, вакцинация, здравоохранение, здоровье.

Аннотация

Бул макалада XIX кылымдын аягынан XX кылымдын башына чейин Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагында жасалган олуттуу иштер баяндалат. Айрыкча Россия империясынын тушунда аймакка биринчи орус дарыгерлеринин жана медициналык борборлорунун келиши өзгөчө мааниге ээ. Макалада Түркстан генерал-губернаторлугу учурунда Кыргызстандын бүткүл аймагында калктын арасында жугуштуу оорулар боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, ошонун негизинде эпидемиологиялык-санитардык иштерге чоң көңүл бурулганы айтылат. Ошондой эле медициналык жардам жана алдын алуу чаралары биринчи кезекте орус дыйкандарына көрсөтүлүп келгендиги баса белгиленди. Кыргызстанда жугуштуу оорулардын таралышы боюнча орус изилдөөчүлөрүнүн бир нече макалалары Октябрь революциясына чейин жарыялангандыгы аныкталды. Автор Совет бийлиги орногондон кийин биздин өлкөдө медициналык жардам бир кыйла жакшырганын белгиледи. Айрыкча Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин айрым аймактарда медициналык окуу жайлары, техникалык жабдыктары бар клиникалар, ооруканалар курулуп, эмдөө иштери башталган. Макалада ушундай аракеттердин аркасында Кыргыз Республикасында эпидемиялык оорулар толугу менен жок кылынгандыгы көрсөтүлөт.

Библиографические ссылки

Абдикаримов С.Т., Ибрагимов Э.Ш. История санитарно-эпидемиологической службы, национальные программы ее преобразования в службу общественного здравоохранения КР.-Б.: 2020. - С.5-19

Айдаралиев А. Развитие здравоохранения в Советском Киргизстане – Кыргызстан: Фрунзе. – 1970.- С. 125-155

Касымов О.Т., Омурзакова К.С., Касымова Р.О. К 80-летию создания первого Кыргызского Научного Института медицинского профиля, становление и перспективы развития // Здравоохранение Кыргызстана. –2018. – №2. - С.6-18

Народный Комиссариат здравоохранения Киргизской ССР (Центральный Государственный Архив Кыргызской Республики, Ф.316, Оп.1

Саадабаева Г.А. История становления здравоохранения на территории Кыргызстана / Ежемесячный научно-практический медицинский журнал. №2. – Б., 2013. - С.99

Загрузки

Опубликован

2026-01-19

Как цитировать

Муратбекович, Б. Э. (2026). ХIХ КЫЛЫМДЫН АЯГЫ — ХХ КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА КЫРГЫЗСТАНДА МЕДИЦИНА ТАРМАГЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК МААНИСИ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН КАБАРЛАРЫ, (8), 86–89. Retrieved from https://ilim.uia.gov.kg/index.php/main/article/view/1074