Маалымат чөйрөсүндөгү “homo informaticus” этикасы

Авторы

  • Сооронбаева Чолпон Кабыловна

Ключевые слова:

Хомо Информатикус, маалыматтык этика, санариптик адам, маалыматтык чөйрө

Аннотация

Адамдын социалдык жана экзистенциалдык статусун санариптик технологиянын тездик менен интенсивдүү өсүшү тамырынан бери өзгөрттү. Адамдын өзү тобокелдиктер менен күтүлбөстүктөргө аралаша баштады. Виртуалдык реалдуу коммуникациянын практикасы улам алмашып, санариптик технологиялар өзгөрүүдө. Инсан аралык мамилелер татаал интерфейс системаларынын функцияларына ортомчу милдетин аткара баштады. Адамдардын өз ара мамилелери технологиялык обьектилер менен өлчөнүп, жаңы убакыт мейкиндигинин онтологиялык обьектисине айланды. “Homo informaticus” түшүнүгү санариптик технологиялардын экспоненциалдуу өнүгүүсү жана глобалдык маалыматтык тармактардын шартында адамдын онтологиясынын трансформациясына философиялык-антропологиялык жооп катары пайда болгон. “Маалыматтык адам” (Homo Informaticus)” маселесин коюу өлкөнүн экономикасын жана коомун маалыматташтыруунун жана санариптештирүүнүн токтоосуз өнүгүү шартында актуалдуу болуп саналат. Термин инсандыгы, жүрүм-туруму жана ой жүгүртүү формалары маалыматты чогултуу, иштетүү, кайра бөлүштүрүү жана жаратуу процесстерине тынымсыз катышуу шартында калыптанган жаңы типтеги инсанды – субъектти баса белгилейт.

“Санариптештирилген” турмуштук ишмердүүлүктүн этикалык компоненти кескин түрдө жаңы коомду курууга тийиш болгон жарандын келечегин көп жагынан аныктайт. Ошондуктан, биз маалыматтык коомдун адам-жарандын жүрүм-турумдук жана ишмердүүлүк аспектилерине тийгизген таасиринин өсүшүнө чоң маани берүүгө умтулабыз.

Библиографические ссылки

Байбосунов К.С. Нациогенез кыргызов новой эпохи (интегральное исследование современного нациообразования). – Бишкек, 2012.

Бодрийяр Ж. Прозрачность зла. — М.: Добросвет, 2000.

Бодрийяр Ж. Символический обмен и смерть. — М.: Добросвет, 2000

Жапаров С.Н. Улут деми – Уңгу Жол (Тандалган сөздөр). Бишкек, 2025.

Князев Е.А. Информационная рациональность и постнеклассическая наука // Вопросы философии. — 2018. — № 9.

Концепция Цифровой трансформации Кыргызской Республики на 2 (minjust.gov.kg) (дата обращения 05.09.2025)

Сооронбаева Ч.К. “Философиялык дилемма: информациялык коомдогу ролу” // Вестник Иссык-Кульского государственного университета, № 63.

Туркле Ш. Одиноки вместе. Почему мы ожидаем больше от технологий и меньше друг от друга. — М.: Альпина нон-фикшн. 2011- MIT PRESS

Флориди Л. Информационная этика и будущее человечества // Вопросы философии. — 2020. — № 8.

Фуко М. Археология знания. — М.: Гнозис, 1994.

Flusser V. Towards a Philosophy of Photography. — London: Reaktion Books, 2000;

Han B.-C. The Burnout Society. — Stanford University Press, 2015

Загрузки

Опубликован

2026-03-21