Жаш муундарды улууларды урматтоого тарбиялоонун методдору

Авторы

  • Жуматаева Асылгүл Саринжиевна

Ключевые слова:

Элдик педагогика; улууларды урматтоо; салттуу маданият; адептик тарбия; педагогикалык методдор; социалдашуу; жүрүм-турум маданияты; этнопедагогика

Аннотация

Бул макалада кыргыз элинде улууларды урматтоо салтынын муундан муунга сакталып өтүшүнө таасир эткен социалдык-педагогикалык механизмдер талданат. Эмпирикалык материалдардын жана теориялык булактардын негизинде улууларды урматтоону камсыздаган адептик нормалардын туруктуулугу үй-бүлө жана коомдук чөйрөдө колдонулган элдик тарбиянын натыйжалуу методдору менен каражаттарына тыгыз байланышта экендиги көрсөтүлөт. Г.Н. Волков, А. Измайлов, А. Алимбеков, Р. Умарова ж.б. изилдөөчүлөрдүн эмгектерин таяныч кылуу менен балдардын аң-сезимин, жүрүм-турумун жана баалуулук багыттарын калыптандырган элдик педагогикалык методдор системалаштырылат. Изилдөөдө аң-сезимди калыптандыруу, жүрүм-турумду жөнгө салуу жана жүрүм-турумду стимулдаштыруу өңдүү негизги методдук топтор белгиленип, аңгемелешүү, үлгү болуу, түшүндүрүү, бата берүү, кыйытып айтуу жана башка салттык ыкмалардын мазмуну ачып берилет. Жыйынтыктар элдик педагогиканын балдарды улууларды урматтоого тарбиялоодо күчтүү социалдык-маданий механизм бойдон калып жатканын тастыктайт.

Библиографические ссылки

Абдулатов, А. Паремияларды когнитивдик-педагогикалык максатта сыпаттоонун айрым проблемалары [Текст] / А. Абдулатов. – Бишкек, 2006.

Алимбеков, А. Кыргыз этнопедагогикасы [Текст]: окуу куралы / А. Алимбеков. – Бишкек: КББИ, 1996. – 80 б.

Алимбеков, А. Таалим-тарбия терминдеринин чечмелеме сөздүгү [Текст] / А. Алимбеков, М. Комлексиз, А. Челикбай. – Бишкек: КТМУ, 2002. –506 б.

Волков, Г.Н. Этнопедагогика [Текст]: Учеб. для студ. сред. и высш. пед.учеб. заведений / Г.Н. Волков. – М.: Академия, 2000. – 176 с.

Измайлов, А.Э. Народная педагогика: Педагогические воззрения народов Средней Азии и Казакстана [Текст] / А.Э. Измайлов. – М., 1991. – 400 с.

Иптаров, С. Адептик билим берүүнүн айрым илимий-методикалык маселелери: Мугалимдер үчүн усулдук колдонмо [Текст] / С. Иптаров. – Бишкек: Аль Салам, 2012. – 104 б.

Жуматаева, А.С., Назарбекова Б.Ж., Джурсуналиева Н.Дж.,Мураталиева П.М. Кенже мектеп окуучуларын элдик педагогика аркылуу адептик жактан тарбиялоо жөнүндө. //Ж. Баласагын атындагы КУУнун Жарчысы. – 2024, №3 (114) - 142-148бб.

Умарова, Р.Н. Кыргыздардын салттуу педагогикалык маданиятындагы кыз-балдарды социалдаштыруу системасы [Текст]: пед. илим. канд. ... дис.: 13.00.01 / Р.Н.Умарова. – Бишкек, 2021. – 40 б

Загрузки

Опубликован

2026-03-21