Инклюзивдик жана экологиялык компетенттүүлүк: заманбап мугалимдин кесиптик маданиятын өнүктүрүүдөгү инклюзивдик билим берүүнүн абалы
Ключевые слова:
инклюзивдик билим берүү, экологиялык компетенттүүлүк, мугалимдин кесиптик маданияты, педагогикалык компетенттүүлүк, гуманизм, тең мүмкүнчүлүк, туруктуу өнүгүү, экологиялык маданият, педагогикалык процессАннотация
Бул илимий макалада заманбап билим берүү системасында мугалимдин кесиптик маданиятынын өзөгүн түзгөн инклюзивдик жана экологиялык компетенттүүлүктөрдүн мазмуну, ролу жана актуалдуулугу теориялык жана практикалык негизде талданат. XXI кылымдын мугалими коомдун социалдык аң-сезимин калыптандыруучу, ар бир окуучуга тең мүмкүнчүлүк түзүүчү жана экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуучу маанилүү фигура катары каралат. Инклюзивдик билим берүү ар бир баланын сапаттуу билимге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу социалдык-философиялык феномен катары түшүндүрүлүп, Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнүн нормативдик-укуктук базасы, учурдагы абалы жана өнүгүү маселелери кеңири баяндалат. Ошондой эле экологиялык компетенттүүлүктүн педагогикалык процесстеги орду, экологиялык маданиятты калыптандырууда мугалимдин ролу жана туруктуу өнүгүүгө багытталган экологиялык билим берүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттары талдоого алынат. Мугалимдин кесиптик маданияты гуманизм, тең укуктуулук, жоопкерчилик жана этикалык башаттар менен айкалышып, билим берүү системасында социалдык өзгөрүүнүкамсыз кылуучу фактор катары бааланат. Макалада Сластенин, Выготский, Давыдов сыяктуу илимпоздордун теориялары менен катар Кыргызстандагы инклюзивдик жана экологиялык билим берүүнүн практикалык тенденциялары бири-бирине салыштырылып, педагогикалык компетенттүүлүктү өнүктүрүүнүн негизги багыттары көрсөтүлгөн.
Библиографические ссылки
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. Инклюзивдик билим берүү. edu.gov.kg (2023).
Инклюзивдик билим берүүдө педагогдордун компетенттүүлүгүн калыптандыруу. msk.edu.kg (2024).
Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы (2019–2023). – base.oshsu.kg, 2023.
Сластенин, В. А. Педагогика: Учебное пособие для студентов педагогических вузов. –Москва: Академия, 2002. – 512 с.
Выготский, Л. С. Мышление и речь. – Москва: Государственное социально-экономическое издательство, 1934. – 324 с.
UNESCO. Education for Sustainable Development Goals: Learning Objectives. – Paris, 2017.
Абдылдаев А. Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнүн өнүгүү багыттары. Бишкек: КР Билим берүү жана илим министрлиги, 2020.
Жээнбаева Г. Инклюзивдик билим берүү: теория жана практика. Ош: ОшМУ басмасы, 2021.
Токтосунова Н. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутууда мугалимдин компетенттүүлүгү. Бишкек: И. Арабаев атындагы КМУ, 2019.