КОМПОЗИТОР ЖАНА ФОЛЬКЛОРЧУ АКИМЖАН ЖЭЭНБАЙДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧАБЫТЫ (ЖЭЭНБАЕВ)

Авторы

  • Акимжан А.

Ключевые слова:

Композитор, фольклорчу, педагог, чыгармачылык, музыкалык искусство, элдик музыка

Аннотация

Бул изилдөө иште Акимжан Жээнбайдын чыгармачылыгына кайрылуу, учурдагы кыргыз музыка таануу илиминде 70-80-жылдардагы композиторлордун чыгармачылыгына арналган иштер, студенттик иштерден башка дээрлик жок болгондугу менен түшүндүрүлөт. Ошол эле учурда, 60-жылдардын аягында жана 70-жылдардын башында искусствого келген көптөгөн таланттуу композиторлордун чыгармачылыгы – Сатылган Осмонов, Асан Мурзабаев, Эсенгул Жумабаев, Жылдыз Малдыбаева, Владимир Гусев…жана жаш муун композиторлорунун ишмердүүлүгү изилдөөгө чоң кызыгууну жаратат. Бул музыканттардын ар бири өзүнүн жеке чыгармачыл стилине, чоң көркөм потенциалга, көп түрдүү кызыкчылыктарга, кеңири жана ар тараптуу мурастарга ээ. А. Жээнбайдын музыкалык чыгармалары да талашсыз кызыгуу жаратат, ал көптөн бери өз угармандарын тапкан жана республикада кеңири белгилүү (айрыкча хор, ыр жана камералык-аспаптык чыгармалары). А. Жээнбайдын чыгармачылыгына бир катар макалалар жана рецензиялар республикалык жана эл аралык газеталарда, журналдарда арналган, «Кыргызстан композиторлору» маалымдамасында кыскача биографиялык очерк берилген. (Кийин, ушул изилдөөнүн автору (Алтынай Акимжан) «Кыргыз композиторлору жана музыка иликтөөчүлөр» маалымдамасына кеңири жазган). А. Жээнбайдын музыкасы тууралуу байкоолор макалаларда жана монографияларда кездешет. Бирок, ушул күнгө чейин алардын биринин да, анын ичинде Акимжан Жээнбайдын да чыгармачылык жолу жана ишмердүүлүгүнө арналган бир да монографиялык иш жок. Бул боштукту ушул изилдөө ишинин автору толтурууга аракет кылды. Жазуу учурунда жарыяланган материалдардагы айрым байкоолор, автордун жеке байкоолору, композитор менен көптөгөн маектерден алынган фактикалык маалыматтар, ошондой эле, анын чыгармаларынын талдоосунун жыйынтыктары колдонулду. Шексиз, композитор жана фольклорчу Акимжан Жээнбайдын чыгармачылыгы мындан ары дагы терең изилдөөгө арзыйт.

Библиографические ссылки

Кузнецов А. Молодые композиторы-песенники. – Вечерний Фрунзе, 1985, 16 лек.

Маматова Г. Улуттук шыгыр өнөрү. – Кутбилим, 1993, 5 май.

Осмонов М. Күү-Дастандын автору Акимжан Жээнбай жөнүндө эки ооз сөз. – Кыргыз туусу, 1993, 24 авг.

Роман В. – В кн.: Кыргызская музыкальная литература. – Кыргызстан, 1995, с. 232.

Рябов А., Склютовская Т. “А. Джээнбаев. “Чоң кербез”. – В сб. Киргизская фортепианная музыка. – Мектеп, Ф., 1983, с. 39.

Склютовская Т. Слушая время (Штрихи к портрету) – Советская Киргизия, 1983,17 окт.

Алтынай Акимжан Кыргыз композиторлору жана музыка иликтөөчүлөр – Акимжан Жээнбай (Джеенбаев) Маалымдама, Б. «Кербез», 2024, 164 б.

Загрузки

Опубликован

2025-11-15

Выпуск

Раздел

МУЗЫКАЛЫК ИСКУССТВО: САЛТ ЖАНА АТКАРУУЧУЛУК

Категории