ЭПИКАЛЫК МУРАСТАРДЫ ЖЫЙНООДОГУ КАЮМ МИФТАКОВДУН ЭМГЕГИ

Авторы

  • Көлбаева М. Молдошова Г.

Ключевые слова:

макала, эпос, экспедиция, фольклор, жыйноочу, эпикалык чыгарма, акын, айтуучу, ыр.

Аннотация

Бул макала кыргыз элинин эпикалык мурастарынын тарыхый, көркөмдүк жана илимий маанисин изилдөөгө арналган. Анда эпостордун келип чыгышы, мазмундук жана жанрдык өзгөчөлүктөрү, ошондой эле баатырдык жана социалдык-турмуштук эпостордун айырмачылыктары талданат. Айрыкча, Каюм Мифтаковдун кыргыз фольклорун жыйноодогу эмгеги, анын эпосторду кагазга түшүрүүдөгү ыкмалары жана манасчылар менен болон иштери кеңири баяндалат. Макалада «Манас», «Кожожаш», «Эр Табылды», «Кедейкан», «Саринжи-Бөкөй», сыяктуу чыгармалардын мазмуну, варианттары жана айтуучулары боюнча маалыматтар берилет. Ошондой эле Акбермет Карагул кызынын өмүр таржымалы жана чыгармачылыгы фольклордук булак катары каралат. Изилдөөдө эпикалык мурастардын тарыхый шарт менен байланышы, алардын улуттук өзгөчөлүктөрү жана кийинки муундар үчүн руханий кенч катары баалуулугу негизги багыт катары көрсөтүлгөн.

Библиографические ссылки

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (КР УИА) Кол жазмалар фонду, инв. №347, 61-бет

Эр Табылды. Айтуучу: А.Тыныбеков. Жыйнаган: Ж.Жамгырчиев. Кол жазма, КР УИА-нын Тил жана адабият институтунун фонду, инв. №1263.Фрунзе, 1956.

Эр Табылды. Жазып алган: К.Мифтаков. Кол жазма, инв. №1304.

Кебекова,Б (1963) «Эр Табылды» эпосунун идеялык багыты жана көркөмдүк өзгөчөлүгү. Фрунзе.

Кыргыз элинин баатырдык эпостору. (1970). Фрунзе, 151-б.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (КР УИА) Кол жазмалар фонду, инв.№ 206, 212

Саринжи-Бөкөй (1958). Фрунзе: Кыргызмамбас, 3-б.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (КР УИА) Кол жазмалар фонду, инв. №50(244) “Акбермет” – А. Карагулова. Жыйнаган: К. Мифтаков. Талас облусу, Орто-Кошой кыштагы, 1923-ж. (араб алфавитинде).

Кенже эпостор жана элдик поэмалар сериясы (2023). Бишкек.

Загрузки

Опубликован

2026-01-19