КОТОРМОДО ЭКСПРЕССИВДҮҮЛҮКТҮ САКТОО МАСЕЛЕСИ: АДВЕРБИАЛДЫК ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР МИСАЛЫНДА
Ключевые слова:
адвербиалдык фразеологизмдер, семантика, котормо, экспрессивдүүлүк, трансформация, стилдик айырмачылыктар.Аннотация
Бул макалада адвербиалдык фразеологизмдерди которууда экспрессивдүүлүктү сактоо маселеси илимий негизде талдоого алынган. Фразеологизмдер ар бир элдин маданий жана руханий дүйнөтаанымын, улуттук мүнөзүн жана элдик тажрыйбасын чагылдырган туруктуу тилдик бирдиктер болуп саналат. Алар тилдин образдуулугун, эмоционалдуулугун жана экспрессивдүүлүгүн камсыз кылып, көркөмдүк функцияны аткарат. Ошондуктан котормо процессинде фразеологизмдердин маанисин гана эмес, алардын стилистикалык жана экспрессивдик боёгун да сактоо өзгөчө мааниге ээ. Изилдөөдө кыргыз, орус жана англис тилдериндеги адвербиалдык фразеологизмдер салыштырмалуу талдоо аркылуу изилденет. Ар бир тилдеги бул бирдиктердин семантикалык жана стилистикалык өзгөчөлүктөрү контексттик деңгээлде каралып, котормодо эквиваленттик камсыздоонун натыйжалуу жолдору аныкталат. Макаланын негизги максаты – фразеологизмдердин эмоционалдык жана образдуу маңызын жоготпой берүү үчүн колдонулуучу лингвистикалык механизмдерди ачып көрсөтүү. Экспрессивдүүлүктү сактоо котормочудан түзмө-түз шайкештикти эмес, эквиваленттүү, перифрастикалык жана компенсациялык ыкмаларды камтыган чыгармачылыкты талап кылат. Изилдөөнүн натыйжалары тил аралык шайкештикти тереңирээк түшүнүүгө жардам берет жана фразеологиялык бирдиктерди которууда маданий адаптациянын маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Библиографические ссылки
Виноградов В.В. Лексикология и лексикография. – М.: Наука, 1977. – С. 140.
Кунин А.В. Курс фразеологии современного английского языка. – М.: Высшая школа, 1996. – С. 33, 88.
Айтматов Ч. Прощай, Гульсары. – М., 1987. – С. 45.
Абдыкаимова О.С. Функционально–семантическое исследование фразеологических единиц. – Бишкек, 1992. – С. 57.
Буранов Д.Ж. Сравнительная типология английского и тюркских языков. – М.: Высшая школа, 1983. – С. 75.
Кыдыев К.У. Сопоставительное изучение фразеологизмов в произведениях Ч. Айтматова. – Бишкек, 2000. – С. 19.
Осмонова Ж. Кыргыз тилиндеги идиомалар. – Фрунзе, 1969. – С. 61.
Гаврин С.Г. Фразеология современного русского языка. – Пермь, 1974. – С. 22.
Гак В.Г. Межъязыковое сопоставление и преподавание иностранного языка. – М., 1979. – С. 9.
Мелерович А.М. О некоторых особенностях фразеологического значения. – М., 1973. – С. 64.