Пайдалуу кен байлыктарды казып алуунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин негизги көрсөткүчтөрүн статистикалык моделдештирүү жана баалоо
Ключевые слова:
пайдалуу кен байлыктар, көмүр, таш, казып алуу, экологиялык зыяндуулук, регрессиялык анализАннотация
Кыргызстандын экономикасы үчүн негизги мааниге ээ болгон пайдалуу кен байлыктарды казып алуу процесси айлана-чөйрөгө олуттуу терс таасирин тийгизет. Мындай экологиялык зыяндуулукту сандык жактан баалоонун илимий ыкмалары, анын ичинде регрессиялык анализ, заманбап экологиялык изилдөөлөрдө маанилүү роль ойнойт. Изилдөөдө көп факторлуу регрессиялык анализдин заманбап ыкмалары: көп факторлуу сызыктуу регрессия, корреляция анализи, экологиялык таасирлерди статистикалык моделдөө колдонулду. Макалада Кыргызстандын кен байлыктарынын арасынан Нарын облусундагы Кавак бассейнинин Кара-Кече көмүр кени жана Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылындагы Сары-Таш кени изилдөө объектилери катары тандалып алынды. Өлкөнүн энергетикалык балансында көмүрдүн үлүшү 50%дан ашып, келтирилген экологиялык зыяндуулуктун 65%га жакын үлүшү пайдалуу кен байлыктарды казып алууга туура келет. Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстандын кен казуу тармагы үчүн адистештирилген регрессиялык моделдер иштелип чыгылды. Кенди казып алууда көмүр кычкыл газы 1 миң тоннага көбөйсө, жалпы зыяндуулук 0,86 миң тоннага көбөйүшү, казылып алынган кен калдыктары 1 миң тоннага көбөйсө, жалпы зыяндуулук 1,044 миң тоннага өсүшү болжолдонду Түзүлгөн моделдер аркылуу кен казуу процессиндеги технологиялык параметрлер менен экологиялык көрсөткүчтөрдүн ортосундагы сандык байланыштарды аныктоо, экологиялык кесепеттерди болжолдоо мүмкүнчүлүгү жаралды.
Библиографические ссылки
Каримов К.А. Основные проблемы безопасности окружающей среды в Кыргызстане // ЭКОЛОГИЯ КЫРГЫЗСТАНА: проблемы, прогнозы, рекомендации. - Бишкек: Илим, 2000. – С. 5-9.
Шанченко Н.И. Эконометрика. Лабораторный практикум. – Ульяновск. УлГТУ. 2011, - 117 с.
Харионовский А.А., Литвинов А.Р. Оценка влияния на окружающую среду открытого и подземного способов добычи угля // Вестник научно-технический журнал. – 2016. - №4 - С. 113-118.
Сабырбеков Р., Оверленд И. Добыча полезных ископаемых, экологические проблемы и социальная лицензия на ведение деятельности в Кыргызстане // Высшая школа развития. Институт государственного управления и политики. - 2022. - доклад №68. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сайты: https://mnr.gov.kg/